Коңшу Казакстандын Мангистау облусунда кургакчылык жана ачкалыктан улам жылкылар картон менен азыктанууда. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, тосмонун сыртында он чакты жылкы буттарынын астында чачылган картон жеп жатат. Социалдык тармактын колдонуучулары бул видеону терс кабыл алышууда. Алар кожоюну жылкыларды бакпай жатканына нааразы.
Буга чейин, ушул эле облуста кургакчылык жана ачкалыктан улам жергиликтүү тургундар мал-жандыктарын картон менен азыктандырып жаткандыгы кабарланган.