Алматы шаарындагы Нурсултан Назарбаев проспектисинде анын аты жазылган бардык тактайчалар талкаланып алып салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, шаардагы көчөлөрдө Назарбаевдин аты жазылган тактайчалар талкаланса, анын атын алып жүргөн сейил бактан полиция посту алынып, анын бүтүн бойдон калган эстелигинин алдына эски отургучтар орнотулган.
Ошондой эле Алматынын китеп дүкөндөрүндө Нурсултан Назарбаевдин китептери көрүнүктүү жерлерден алынган.
Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы Казакстандагы жогорку кызматтан алынгандыгы кабарланган.