Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев көп убакыт мурда эле каза болгонун айтты. Бул тууралуу саясатчы “Комсомольская правда” радиосуна берген маегинде айткан.
"Менин оюмча, ал көп убакыт мурда эле каза болгон. Мусулмандар ошол эле күнү сөөктү жерге беришет", - деген Жириновский.
Жириновскийдин айтымында, адам мынчалык тынч жашынып, эч нерсе дебей, тирүү кала албайт. Ал Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен кызматынан бошотулгандан бир жумадан кийин камакка алынганын эске салган.