Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы Кытайдан алардын өкмөтүн эл аралык коомчулук тарабынан таанууга көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, мындай пикирин Ооганстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Сиражуддин Хаккани Кытайдын элчиси Ван Ю менен Кабулдагы жолугушуусунда билдирген.
Хаккани ошондой эле Ооганстан дүйнө жана коңшу мамлекеттерге Ооганстандын аймагы эч кимге каршы колдонулбайт деген убадасын аткарарын баса белгилеген.
2021-жылдын 15-августунда Ооганстандан америкалык аскерлердин негизги бөлүгү чыгарылып кеткенден кийин талибдер Кабулда бийликке келген. АКШ армиясы Ооганстанды 31-августка чейин толугу менен таштап кеткен.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.