Адабият айдыңында жыл мыктылары аныкталды

Кыргыз улуттук жазуучулар союзу 2021-жылдын мыкты китеби сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган союздун басма сөз катчысы Нурбек Маамытбаев билдирди.

"Бул сыйлык 2020-жылы уюштурулуп, экинчи ирет тапшырылып жатат. 2021-жыл ичинде жарык көргөн китептердин арасынан поэзия сериясы боюнча Калчоро Көкүловдун "Ыйман ыры" поэтикалык жыйнагы, проза сериясы боюнча Аскарали Ражабалиевдин "Мусаапыр" китеби, котормо сериясы боюнча Таштанбек Чакиевдин котормосундагы И.Буниндин "Караңгы аллеялар" китеби 2021-жылдын мыкты китеби деп табылды. Авторлорго атайын статуэтка жана дипломдор ыйгарылды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан