Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш кызматтан алынды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин сайтына жарыяланды.
"Улуттук коопсуздук комитетинин биринчи орун басары Самат Абиш кызматынан бошотулду", - деп жазылат тиешелүү буйрукта.
Буга чейин Самат Абиш улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматында иштеп жатканы, учурда эмгек өргүүсүндө экендиги маалымдалган.
Ага чейин Казакстандагы баш аламандыкта Самат Абиш Алматыда кармалганы айтылган. Кийинчерээк атайын кызматтан бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдиришкен.