Бүгүн, 17-январда Ош шаарындагы тойканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болбогонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Анар кичи районундагы "Олигарх" ресторанынын от жагуучу жайынан чыккан өрт саат 11:50дө чектөөгө алынып, саат 12:45те толук өчүрүлдү.
Жеринде беш өрт өчүрүүчү бөлүм, ыкчам топ, штаб жана РЭТ мекемесинен 1 бригада иш алып барышты.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.