Куудул, актриса Назира Жетигенова маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты бүгүн, 17-январда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тапшырды.
Назира Жетигеновага мындан тышкары президенттин Ардак грамотасы да берилди.
"Сыйлык 31-декабрда берилген. Ал учурда мен Таласта концерт коюп жүргөм. Жолго чыкканда кырсыктап, сыйлыкты өз убагында ала алган жокмун", - дейт ал.
Куудулдун айтымында, кырсык жеңил болуп, эч ким жабыркаган жок.
Белгилей кетсек, 2021-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар маданият, искусство өкүлдөрү сыйланды.