УКМК: "Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды"

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Анын жүрүшүндө бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган.

Ага ылайык Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы күбөлөндүрөт. Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mirlanpiter
2022-01-17 21:14:41
Баракелде,эми сот тарабынан адилеттүү чечим кабыл алынып жоопко тартылсын ,мүлкү мамлекетке алынсын!!!
+2
News
2022-01-17 23:37:09
mirlanpiter, Үй камагына чыгатта бул дагы!
+2
alimbek94
2022-01-17 21:15:10
Акча бар жерде коррупция кучойт.
0
Tursunbaev1978
2022-01-17 21:19:05
Кезектеги театр,үч,төрт айдан кийин чыгат 200 пайыз,ишенбегендер коментти скрин кылып алгыла,үч төрт айдан кийин көрөбүз
+5
Baktiyar731
2022-01-17 21:29:39
Tursunbaev1978,100% туура
+2
bond
2022-01-17 23:58:30
Билбей сүйлөгөндөн корккула бул бала бажыга келгиче эле бай өзүнүн күчү менен көтөрүлгөн бала эле.
-3
SHahabidin-jabborov
2022-01-18 08:24:11
bond,бай болсо бекер бажыга келибтир,бирок.
0
bond
2022-01-18 11:43:00
SHahabidin-jabborov,ошол эптеп иш берип торго түшүрдү да. Эгер илгертен Гос органда иштеп байыса түшүнсө болот коррупцияга аралашкан деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан