Баткенде эки кабаттуу жеке имараттан өрт чыкты

Баткенде эки кабаттуу жеке имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 16:01де Кадамжай районунун Таш-Коргон айылында эки кабаттуу жеке имараттын чатыры өрттөнүп жаткандыгы кабарланган. Өрт саат 16:41де чектөөгө алынып, саат 17:09да толук өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Болжолдуу өрттөнгөн аянт 26 чарчы метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан