
Швецияда коронавирустун омикрон штаммынын мутациясы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Швециянын Упсала шаарындагы Академиялык лабораторияда коронавирустун омикрон штаммынын мутациясы аныкталды. Үч адамдан COVID-19дун жаңы вариантынын мутациясы табылган. Омикрондун жаңы суб-варианты BA.2 деп аталды.