Боом капчыгайында өрт чыкты

Боом капчыгайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалымат боюнча, саат 20:13 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-чакырымында ("Кут" кафесине жакын) камыштан чыккан өрт саат 22:36да толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө кошумча Токой чарба жана Темир-Жол ишканасынан кызматкер тартылды. Жалпысынан 2 гектар аянт куураган чөп күйгөн. Өрт тоонун этегинде болгондуктан өрт өчүрүүчү унаалар жеткен эмес, кол шаймандар менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан