WEF уюмунун чемпиону Нурлан Токтобакиев өзүнүн курун Садыр Жапаровго тапшырды (видео)

16-январь күнү Бишкекте Орто Азиянын күчтүү мушкерлери катышкан ММА боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдиришти.

Турнирдин негизги беттешинде кыргыз мушкери Нурлан Токтобакиев менен өзбекстандык мушкер Камолдин Мамотжонов кез келди. Беттештин экинчи бөлүгүндө кыргыз мушкери атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

Беттештен кийинки сөзүндө Нурлан Токтобакиев аны колдогондордун баарына ыраазычылык билдирип, жаштарды кыйын учурда президентти колдоп, патриот болууга чакырды.

Ал ошондой эле өлкө башчы Садыр Жапаровго урмат көрсөтүү катары өзүнүн жеңип алган курун тапшырды.

Нурлан Токтобакиев өзүнүн курун Садыр Жапаровго тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан