Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары Назарбаев туулуп-өскөн Шамалган айылынан чыгып кетишти. Бул тууралуу орусиялык "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, учурда Назарбаевдин туугандарынын үйү бош, бирок үйлөр кайтарууда. Туңгуч президенттин үйүнүн айланасына видео көзөмөл орнотулган. Буга чейин Нурсултан Назарбаев келээрде жолдун баары жабылса, январь айында Назарбаев айылына барган учурда жабылган эмес.
Мындан тышкары көптөгөн айыл тургундары журналисттердин суроолоруна кийин маселе жаралат деп жооп берүүдөн баш тартышкан.
Буга чейин Казакстандагы баш аламандык учурунда Нурсултан Назарбаев Шамалган айылында болгондугу кабарланган.