Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев өзүнүн чечими акыркы эместигин айтты. Бул тууралуу ал ютубдагы "Ушатайка" берүүсүндө билдирген.
"Мындан ары эмне болорун билбейм. Менин чечимим акыркы жана кайра кайтарылгыс чечим деп дагы айта албайм. Бирок азырынча ушундай. Бул жерде мени чыккынчылык кылды, сатып кетти деп айтып жатышат. Чындыгында бул өлкө мага чыккынчылык кылып, сатып кетти", - деди ал.
Эске салсак, Рафаэль Физиев буга чейин мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышпай турганын жарыялаган. Ал декабрь айында Лас-Вегаста өткөн "UFC Vegas 44" турниринде Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыккан.
Рафаэль Физиев кийинки беттешин 20-февралда өткөрөт. Анын атаандашы UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, бразилиялык мушкер Рафаэль дос Аньос болот.