Бишкек шаарында 13 мектеп онлайн окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Билим берүү мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар аныкталгандыктан, Бишкек шаардык
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругуна ылайык, № 26, № 88, № 62, № 60, № 73, №12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 мектептер онлайн окутуу форматына өткөрүлдү.
Мындан тышкыры №135 бала бакча толук жана №144 бала бакчанын бир тайпасы карантинге жабылат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өткөнү айтылган. Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада 600 адамдан коронавирус илдети аныкталды.