Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
Мадумаров бүгүн, 18-январда дагы Башкы прокуратурада сурак берүүдө. Анда эл өкүлү Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча сурак берүүдө.
Буга чейин дагы Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатканын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришкен.