"Бычак такап, күч колдонушкан". Чүйдө каракчылыкка шектелгендер кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январда Аламүдүн районундагы Ленин айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу Аламүдүн РИИБине маалымат түшкөн. Анда М.Х. аттуу жаран 16-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамасында 30-35 курактагы бейтааныш эркек кишилер унаа сатып алуучу катары арыздануучунун унаасын көрүп, кийин Аламүдүн районунда жашаган туугундарына да унааны көрсөтүүнү суранышкан. Арыздануучу макул болуп, жолдо бара жатканда ээн жерден арыздануучуга бычак такап коркутушуп, анын документтерин, акча каражаттарын жана Редми үлгүсүндөгү телефонун тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкени маалымдалат.

"Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип 25 жаштагы Н.Б. жана 27 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан