Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында киши колдуу каза болгон 26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмү боюнча сот чечим чыгарган. Анда Аламүдүн райондук соту 29 жана 32 жаштагы эки шектүүнү күнөөлүү деп таап эркинен ажыраткан.
Ал эми үчүнчү шектүү 31 жаштагы аял кишиге сот чечимди 26-январда чыгарат. Мындай маалыматты Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү аял коронавирус илдетине чалдыккандыктан анын соттук отуруму жылдырылган.
Эске салсак, 2020-жылдын 26-сентябрында Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылынан 26 жаштагы кызды өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен. Анда 26-сентябрь күнү болжол менен түнкү саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу кишини жана анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.
Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.