Бишкек шаарынан каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине А.К. аттуу жаран кайрылып, 2021-жылдын 31-декабрында саат 22:00 чамасында Огонбаев көчөсүнөн физикалык күч колдонуу менен Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө ээлеп, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
"Бул факты Свердлов РИИБине катталып, 201-берене "каракчылык" менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов районунун РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган У.Т. жана 1998-жылы туулган Т.Б. аттуу жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.