Жалал-Абадда батирлердин биринде адамды эркине каршы мыйзамсыз кармап отурганга шектелгендер кармалды

Жалал-Абад облусунда адамды эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча Кыргыз жараны бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда М.А. аттуу жаран кармалып турганы аныкталган.

Ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурланып кармалып турган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалып турган адам бул иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тартып, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес.

"Териштирүү иштеринин натыйжасында, 4 жаран кармалып Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан