"Сабайм же тескерисинче болот деп ойлонуп жаттым" дейт тамаша торго түшкөн актёр Жээнбек Моношев

Бул жолку "Өмүрлөшүм" долбоорунун кезектеги каармандары тасмаларда ашпозчунун, ошондой эле участковыйдын ролун жараткан актёр Жээнбек Моношев жана анын өмүрлүк жубайы Нурзада Кадиева болду. Жубайы менен кантип таанышып калганы, 12 жылдан соң кыздуу болушканы туурасында маектештик. Эң кызыгы маек башталганга чейин түгөйлөр тамаша торго түшүп өздөрү гана эмес көрүүчүлөрдү дагы нес абалда калтырды.
"Мен Нурзада менен таанышканымда эле жакшы көрүп калдым деп айткам. Алгач бизди группалашым Адилет тааныштырган, бирок анда бул келин балаңыз болот деп тааныштырган. Андан кийин мен Адилетке эми келин бала кылбай эле сага жеңе кылайын дедим. Ошентип сүйлөшүп анан баш коштук. Учурда 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатабыз. Биз 12 жылдан соң кыздуу болдук. Эфир башталганга чейин тамаша торго түшкөнүбүздү билген жокпуз, азыр сабайм же тескерисинче болот деп ойлонуп жаттым", - дейт Жээнбек Моношев.
Жээнбек Моношев: “12 жылдан соң кыздуу болдук“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kylych87
2022-01-19 18:48:13
Жубайыныз аябай сабырдуу экен бактылуу болунуздар.
+1
Jaka1978
2022-01-20 00:59:03
Жеку молодеееец
0
fak
2022-01-20 04:08:38
Жакшы адамдар экен,бактылуу болунуздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан