Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылында эркек киши өзүнүн короосунда асынып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 14-январда саат 14:00 чамасында Жумгал районунун 1996-жылы туулган тургуну М.А. үйүнүн мал короосунда асынып каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Маркумдун жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз-дооматы жок экендигин билдиришкен.
Бул факты боюнча учурда Жумгал РИИБи тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.