"Тамашоучу", актёр жана алып баруучу Азамат Исмаилов Түркияда тасма тартып жүрөт. Драма, комедия жанрындагы тасмада вайнерлер Шумкар жана Улан Эсенакунов, Азим Касымов ырчы Адилет Эркинбек уулу башкы ролдо ойношот.
"Тасманын башындагы кадрлар Кыргыз өлкөсүндө тартылды. Андан кийинки сюжеттер Түркиядан тартылып жатат. Аягы кайра Кыргыз жергесинен тартылат. Буюрса, февраль айынын аягында комедиябызды элге көрсөтөлү деп турабыз", - дейт актёр.