"Дүйнөнүн топ модели" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн ким катышары белгилүү болду

Модель Саадат Асылбекова өлкөнүн атынан "Top Model of the World" сынагына катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына моделдин менеджери билдирди.

Маалыматка ылайык, сулууларды тандоо 27-февралдан 14-мартка чейин Египетте өтөт. Ага 75 өлкөнүн бийкечтери катышмакчы.
Эскерте кетсек, дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөргөндө Саадат Асылбекова жеңип чыккан. Модель Таиландда өтө турган "Supermodel International — 2021" эл аралык сулуулук сынагына катышмак, бирок пандемиядан улам иш-чара өтпөй калган. Буга байланыштуу дирекция Асылбекованы быйылкы иш-чарага жиберүүнү чечкен.
Саадат Асылбекова 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.
"Top Model of the World" сынагы 1993-жылы негизделип, моделдер арасындагы эл аралык престиждүү сынактардын бири болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
XATSAN125
2022-01-19 16:38:15
Болбогон иш
+2
Rusbayastan
2022-01-19 16:41:12
Тусу деле сулуу эмес ко
+6
Gulina00
2022-01-19 17:02:10
Ар тараптуу талант барбы экен бул кызда,же акчасы болгон адам кетип жатабы.КР атын чыгаруу учун топ келишкен болуш кк.
+3
eddi.
2022-01-19 17:23:59
Кебетең менен кара жерге кир деп,айта турган адам бар бекен!
+6
KaGaH
2022-01-19 18:57:55
Айжандын эжеси сөз жок
+5
ayzhan12
2022-01-19 19:49:40
Ар бир кыз сулуу болуусу шарт. Себеби сулуулук баардык эшикти ача алат.
-3
Mister-XXX
2022-01-19 21:40:43
ayzhan12,Сен өзүң өтө өңүң серт болсо керек.Түштүкчө айтканда куник болсоң керек.
+2
KaGaH
2022-01-19 22:38:22
Mister-XXX, Айжан жп бул акча үчүн баарына даяр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан