Баткенде токтоп турган унааны айдап качып кетти деген шек менен 41 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Аталган облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, учурда бул факты боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Белгилүү болгондой, Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасын "Баяман-Баатыр" базарына токтотуп койгон жеринен уурдатып жиберген.
"Жергиликтүү тургундун арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 211-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, тергөө иштери башталган.
Аймактык тескөөчүлөр тарабынан Халмион айыл аймагынын 41 жаштагы К.Э. аттуу тургуну унааны үйүнө токтотуп койгон жеринен аныкталып кармалды. Унаа өз ээсине кайтарылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешет маалымат кызматынан.