Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) Honda Stepwgn жана Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Жол кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Т.А. аттуу эркек киши каза болуп, эки эркек киши ар кандай жаракат алышкан, учурда алардын өздүгү такталууда.
Кырсык катталган жерге куткаруучуларды даяроочу мамлекеттик борборунун 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.