Бишкекте 11 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп, андан ары из жашырып качып кеткен айдоочу 2 күндөн кийин кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Окуя 17-январда саат 17:30 чамасында Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучуну сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген.