Ижарага алган жол тандабасты сатып жиберген. Бишкекте 27 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелүүдө

Бишкекте ижарага алган унааны сатып жиберген 27 жаштагы жаран кармалды. Свердлов РИИБинен кабарлашкандай, учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу териштирилүүдө.

Маалыматка ылайык, 17-январда Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, ижарага берген унаасын сатып жиберген жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

"Анда Б. аттуу жаран ишенимге кирип, Тойота 4RUNNER үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, андан кийин сатып жиберип, жашынып жүргөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 209-берене ("алдамчылык") менен катталды.

Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө 1994-жылы туулган А.Ж. кылмыш ишине шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.

Сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же ал тууралуу маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 704 103-102, 0 556 363-000, 0 707 07-88-33 же 0 312 43-28-15,102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2022-01-20 12:02:46
Айбан!
+1
Spb
2022-01-20 13:07:52
Шекту 94 болсо 28 болуп калбайбы бул жакта 26 деп туратуо
0
Jacob.
2022-01-20 13:51:03
Spb, бул журналисттер туура жазганды эле эмес, эсептегенди дагы билишпейт турбайбы..
0
XATSAN125
2022-01-20 14:05:06
Мен мынага таң каламда занаңды тоок ууруну ата тегинен бери айтып комуздун коштоосунда ырдашат ушуга окшогон ИТТТЕРДИ А Б Ю Ф деп коюшат суротун жашырып жазгыла ёптвоюлар аты жонун толлук каякта качан туулган ит экенин сурот жаапижашырбай коомчулцк билиши керек мындай иттерди
0
XATSAN125
2022-01-20 14:06:04
А Б деп койсонор атын билбесек ит дейбиз да хотя иттин да аты болот Шарик Бобик деген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан