Таласта 44 жаштагы аял баш мээсинен жаракат алып облустук ооруканага түштү. Бейтап милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 16-январда саат 09:30 чамасында Калба айылынын 1977-жылы туулган тургуну баш мээси чайкалган деген диагноз менен облустук ооруканага түшкөнү милиция кызматкерлерине кабарланган.
Бул билдирүү Талас РИИБинин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу арыз менен кайрылган.
"Арыздануучунун ден соолугуна келтирилген залалдын деңгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Териштирүү амалдары жүргүзүлүп, окуяга катыштыгы бар адамдарды суракка алуу, толук текшерип жыйынтыктоочу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү тапшырмалар берилди", - дешет мекемеден.