Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-январда Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 17-чакырымында болгон. Анда 49 жаштагы жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кеткен. Айдоочу жабырлануучуга жардам бербестен, окуя болгон жерден из жашырган. Жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, жөө жүргүнчүнү Лебединовка айылынын Х.А. аттуу тургуну Вольво үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткени аныкталган.
Айдоочу камакка алынып, унаасы айып аянтчасына токтотулган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.