Жаңы конуштун тургундарын жарык жана суу киргизип берем деп алдап кеткен адам кармалды

Чүйдө тургундардын акчаларын чогултуп алып, убадасын аткарбай качып жүргөн адам камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы Сокулук районунун Новопавловка айылындагы жаңы конуштардын биринин 32 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2018-жылы чала тааныш эки адам алар жашаган жаңы конушка электр энергиясын жана суу киргизип беребиз деп тургундардан 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча чогултуп алып кеткенин, кийин убадаларын аткарбай из жашырышканын айткан. Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталып, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен иш козголуп, шектүү катары С.Д. аттуу адам кармалган. Анын үстүнөн ушул окуя сыяктуу 35 факты боюнча териштирүү иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан