Бүгүн, 20-январда Баткен шаарынан Ош шаарына бара жаткан Оштун "Алай" футболдук клубунун эки футболчусу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Жол кырсыгынан клубдун Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов аттуу футболчулары каза болушкан. Алар "Нур-Баткен" клубу менен келишим түзүп кайра Ошко кайтып келе жатып Ноокаттан жол кырсыгына кабылышкан.
Эки футболчу өткөн сезонду "Алай 2" клубунда өткөрүшкөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Асад Алимов менен Жахонгир Махмудовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.