"Алайдын" каза болгон футболчулары бараткан унаа жүк ташыган унаа менен кагылышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаардык бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-январда саат 18:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун Ош шаарындагы бөлүгүндө болгон. Анда “Алай” футболдук клубунун оюнчулары Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Хендай Портер үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-январь күнү Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов жол кырсыгынан каза болгону кабарланган. Алар Баткендин "Нур-Баткен" командасы менен келишим түзүп келе жатканы маалымдалган.