Караколдун базарларында түнкүсүн уурулук кылып жүргөн 19 жаштагы жигит кармалды

Каракол шаарынын 19 жаштагы тургуну уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан бир катар уурулук фактыларына шектелип 19 жаштагы Ж.К. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Ал Каракол шаарында жайгашкан базарлардагы соода түйүндөрүнө түндө кирип, уюлдук телефондорду жана косметикалык каражаттарды уурдоо менен алектенип жүргөн.

Милициянын маалыматында, шектүү 14-16-январь аралыгында эле 6 жолу уурулукка кирип, 5 уюлдук телефон, 10 даана ар кандай парфюмериялык каражаттарды жана 3800 сом уурдаганы айтылат.

"Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "уурдоо" жана "тоноо" беренелери менен кылмыш иши козголду. Шектүү Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн башка дагы ушул өңдүү кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан