Сокулукта Социалдык фонддун кызматкери пара менен кармалды

Сокулукта Социалдык фонддун кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын З.Э.З. аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Кызматкер буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, айрым мыйзам бузуулары бар экенин айткан. Аларды чечип берем деп акча сураган.

Тургун бул окуя боюнча укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси З.Э.З. пара алып жаткан жеринен кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан