Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова турмушка чыгарын социалдык баракчасына жазып чыкты.
“Биз бактылуубуз. Болочоктогу жолдошум Бекназар Жамангараев экөөбүздүн сүйүүбүз жана үмүтүбүз чоң. Жакында той”, — деп жазды ал.
Ал эми Ассоль Молдокматованын сүйүктүүсү да социалдык тармактагы баракчасына: “Мен жана сүйүктүүм Ассоль Молдокматова. Биз бактылуубуз, сүйүүгө, кыял-үмүттөргө толуп турабыз. Биздин сүйүүбүз баарын жеңерине ишенем!”, - деп жазган.