Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эркектер топтолуп, жалпы дарыгердик практика борборунун эркек акушер-гинекологуна жумуштан кетүү талабын коюшкан. Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облустагы координатору азыркы учурда дарыгер иштеп жатканын айтты.
"Акушер-гинеколог учурда ишин улантып жатат. Жумуштан кеткен жок. 5-6 киши кет деп койсо эле кетип калбайт. Бул окуя боюнча оорукананын директору, башкы дарыгери иш алып барууда", - деди координатор.
Белгилей кетсек, шаардын айрым тургундарынын жумуштан кет деген талабынан улам 27 жаштагы адис арыз менен милицияга кайрылган.