Каршы тилкеге чыгып кеткен. "Алайдын" эки футболчусу каза болгон жол кырсыгынын чоо-жайы

“Алай” футболдук клубунун каза болгон эки оюнчусу бара жаткан жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкедеги Хендай Портерди сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаардык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-январь күнү саат 18:00 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 10-чакырымында болгон. Анда Жалал-Абад шаарынын 25 жаштагы Э.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан Mercedes-Benz Е220 унаасы Ош шаарын көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып, Хендай Портер менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен “Алай” футболдук клубунун оюнчулары Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов ошол жерде каза болгон.

Ошондой эле алар менен чогуу унаада бара жаткан 2 жаран жана Хендай Портердин айдоочусу ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Учурда аталган окуя боюнча Ош шаарынын тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bishkek-Kg
2022-01-21 16:06:11
Кече Ноокатта болгон деп атат элеңерго!
0
Ela93
2022-01-21 16:28:27
Bishkek-Kg,10-чакырымы ошол ноокаттын территориясы болот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан