Тажикстанга таандык жүк ташуучу унаа Баткендеги чек ара постунан катуу ылдамдыкта өтүп кеткен. Аталган өлкөнүн Согди облусунун чек ара өкүлү унаанын айнеги кыргыздар тарабынан талкаланганын Баткендеги кыргыз чек арачыларына билдирген.
Мамлекеттик чек ара кызматынан бул окуя боюнча териштирүү иштери башталганын маалымдашты.
"20-январда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесиндеги Бакай жерлигинде тажик номери менен КамАЗ үлгүсүндөгү унаа байкалган. Жүк ташуучу унаа "Ак-Сай" чек ара постунан Тажикстандын Ходжаи Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.
Тажикстандын Согди багыты боюнча чек ара өкүлү Кыргыз жарандары КамАЗдын алдынкы айнегин талкалагандыгын билдирген. Бирок айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок.
Эки тараптын укук коргоо органдары келип чыккан окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - дешет мекемеден.