Жалал-Абадда кар көчкү тазалоодон 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кара-Буура-Чаткал унаа жолунда ЖЧК "Глобал Жамгыр Майнинг" компаниясынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калгандыгы тууралуу кабарланган. Куткарууга компаниядан 5 жүктөгүч, 1 эксковатор жана 100гө жакын кызматкерлер, ӨКМден 5 куткаруучу тартылган. Саат 17:30 чамасында 1, саат 19:15 чамасында 1 эркек кишинин сөөгү табылган (аты-жөнү такталууда). Окуя болгон жерге президенттин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү чыгып кетти.