Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи Май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Биринчи Май округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Примбердиева Бермет Арпидиновна жана Бактыбек уулу Талант комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Дукембаева Эльмира Абуевна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жана Нурланова Жанэт Нурлановна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Бейшенбаев Эдил Нурбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Исаков Азамат Токторбекович Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.