Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Баткенде түндө кампадан өрт чыкты

Баткенде түндө кампадан өрт чыгып, курулуш каражаттары күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
"Түнкү саат 01:40да Кадамжай районунун Жоош айылында турак үйгө жанаша салынган кампа өрттөнүп жаткандыгы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 02:21де өрт чектөөгө алынды. Саат 02:38де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 20 чарчы метрди түзүп, 60 метр рейка, 4 даана стропила, 10 даана шифер күйдү. Жабыркагандар жок.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан