Бишкекте ок атышуу менен коштолгон жаңжал орун алды. Окуя кечээ, 21-январда саат 19:00 чамасында Манас кең көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгонун Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, Т.И. жана Н.А. аттуу жарандардын кайым айтышуусунун аягы мушташ менен аяктаган.
"Н.А. аттуу жарандын айтымында, Т.И. ага күч колдонуп, бычак менен коркуткан. Ал эми Т.И. экинчи тарап болгон Н.А. денесине залал келтирип, асманга эки ирет ок чыгарганын билдирген. Текшерүүнүн жүрүшүндө Н.А`нын жанынан пневматикалык тапанча табылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертизалар дайындалды.
Милиция кызматкерлери тарабынан Т.И., Н.А., Н.Э. жана Т.Э. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Тараптар бири-бирине карата арыз жазышты. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - дешти маалымат кызматынан.