
Чүй облусунун Аламүдүн районунда уурулукка шектелип 21 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар, жогу териштирилип жатканын билдиришти.
Аламүдүн РИИБине 1963-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 20-январда белгисиз адамдар үйүнө кирип 7800 доллар, 50 миң сомдук кол саат, 400 долларлык уюлдук телефонун жана зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене ("уурдоо") менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 21 жаштагы Ю.А. кармалды. Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун текшерүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.