Өлкөдө лифт чыгаруучу заводу ачылат. Бул туурасында Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан маалым болду.
Мекемеден билдиришкендей, аталган агенттиктин өкүлдөрү жана жетекчиси Нурадил Баясов лифт жабдууларын чыгаруучу "SKY Industrial Group" ишканасына барышты.
"SKY Industrial Group" заводу өлкөдөгү лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди (жүргүнчү, жүк ташуучу, панорамалык, оорукана, кичи жана чоң жүк көтөргүчтөрүн, курулуш лифттерин) чыгарган ишкана болот. Анда жылына 3000ден ашык жабдуулар чыгарылат. Ишкана ошондой эле брондолгон эшиктерди, автоматташтырылган токтоочу системаларды жана башка продукцияларды чыгарууну камсыз кылат.
Бардык өндүрүш линиясы Кытай, Түштүк Корея жана жергиликтүү адистер менен биргеликте долбоорлонгон. Ишкананын ишке кириши 200дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыздайт, долбоордун жалпы баасы 110 миллион сомду түзөт.
Жакынкы келечекте өлкөбүз коопсуздук жагынан да, ыңгайлуулугу жагынан да эң жогорку сапат стандарттарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен өзгөчөлөнө алат. "SKY Industrial Group" өз продукциясын Кыргыз өлкөсүнүн рыногуна гана сатпастан, Борбор Азиянын рыногуна чыгарууну пландаштырууда", - дешет агенттиктен.
Ишкананын аянты 20 миң чарчы метрди ээлеп, инновациялык технологиялар бөлүмүнөн, жабдуулардын тетиктерин, элементтерин сыноону жүзөгө ашыруучу өндүрүштүк лабораториялардан, көргөзмө залынан, ошондой эле "SKY" сыноо мунарасынан турат.