Милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти. Азырынча журналист каякта экени белгисиз.
Жактоочулардын айтымында, аны Бишкек ШИИББине алып кетишкен.
Азырынча расмий органдар эч кандай маалымат берише элек.
Буга чейин Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесин милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар келип тинтүүгө алышкан.
Болот Темиров бир катар журналисттик иликтөө материалдары менен белгилүү.