Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду. Андан тышкары 4 жүргүнчү жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Бишкек-Ош унаа жолунун 384-чакырымында ВАЗ Жигули менен Мерседес-Бенц Спринтер жүргүнчү ташыган унаа сүзүштү.
"Кырсыктын кесепетинен Жигули унаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган Т.М. аттуу Токтогул районунун тургуну каза болду. Ал эми Мерседес-Бенц Спринтер унаасында айдоочудан тышкары 9 жүргүнчү болгон. Анын ичинен төртөө жеңил жана орто жаракаттарды алып, "Тез жардам" кызматы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилды. Абалдары канааттандырарлык.
Жерине 4 куткаруучу саат 22:39да тартылып, кырсыктын кесепетинен унаада калган жүргүнчүлөрдү чыгарышты", - дешти маалымат кызматынан.