Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берди.
Анда УКМКнын төрагасы ишканалар тууралуу түшүндүрмө берип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган журналист Болот Темиров, акын Болот Назаров боюнча суроолорго жооп берди. Ушул эле жыйында Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты болгон иниси депутаттык мандатын тапшырарын белгиледи.
"Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганда иним өлкөдө эмес болчу. Аны мен чакыргам, шайлоого 2 күн калганда келди. Мен кечээ иним Шайырбек Ташиевди чакырып, үйдө бир эле саясатчы болуш керектигин айтып, депутаттык мандатын тапшыруусун сурандым", - деди ал.