Бүгүн, 23-январда Бишкекте, Ошто, Ысык-Көлдө журналист Болот Темировду колдоо митинги өтүп жатат.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингдин катышуучуларына чыгып, Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылганын маалымдады.
Ал эми акын Болот Назаровдун кармалышын мыйзамсыз дегендер дагы митингге чыгышты. Ага акындын жакындары, үй-бүлөсү, кичинекей кызы да келгенин көрүүгө болот. Анда 5 жаштагы Мөлмөл "атамды чыгаргыла" дегенин акын Олжобай Шакирдин эфиринен көрүүгө болот.